Кыргызстандын коргонуу күчүнүнүн мүмкүнчүлүгү жогорулады. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда эл менен жолугушуусунда билдирди. 

"Мамлекеттин күчү анын армиясынын коргонуу күчүндө экенин билесиздер. Акыркы эки жылда Кыргызстан бир миллиард доллар каражатты коргонуу мүмкүнчүлүгүнө жумшады. Бул эмне деген? Куралдуу күчтөргө алынып жаткан аскердик техникалар, курал-жарак, ок-дары ж.б. Биз азыр мурдагыдай эмеспиз, Кудайга шүгүрбүз. Азыр башка мамлекеттерден кем калбаган курал-жаракка ээ болдук. Дагы да алып жатабыз. Муну менен биз согушка даярданган жокпуз, коргонууга даярдык көрүүдөбүз. Мамлекетибиз кор болбосун деп жатабыз. Элибиздин бир метр жерин дагы эч ким басып албайт, биз ага жол бербейбиз деп жатабыз. Элибиз тынч жашасын деген эң негизги тилегибиз менен Кудай буйруса, тынчтыкты камсыздап беребиз", - деди Камчыбек Ташиев.