Кыргызстан Украинанын жараны Владимир Кадарияны Беларуска өткөрүп берди. Бул маалыматты 6-мартта анын адвокаты Автандил Алимжанов билдирген. 

“Ишемби 4-мартта алып кетишти. Биздикилер, Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы алып чыгып кетти. Октябрь райондук тергөө судьясынын токтомунун негизинде. Башкы прокуратуранын токтомуна каршы адвокаттар даттанышкан, бирок шаардык сот да ал арызды канааттандыруудан баш тартты”, - деген ал.

37 жаштагы Владимир Кадария мурда Беларустун Андрей Ковалев аттуу жараны болгону, ал жакта оппозициялык материалдарды жарыялаган Интернет ресурстун администратору болгондуктан куугунтукка кабылганы, Украинага качып барып, 2017-жылы ошол өлкөнүн жарандыгын жана жаңы ысым алганы айтылган.

Кыргызстанга Кадария былтыр августта келген. Сентябрда Беларустун өтүнүчү менен тергөө абагына камакка алынгандан кийин ал Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине качкын макамын сурап кайрылган жана 9-декабрда ошондой күбөлүк алган. Ал эми 12-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Башкы прокуратуранын арызынын негизинде аны экстрадициялоо тууралуу чечим чыгарган.

Адвокаттар доо арыз менен кайрылган Бишкек шаардык соту 15-февралда райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожидин Камалов бул маселе боюнча чечим Кыргызстандын Жазык кодексине жана Кишинев конвенциясына ылайык кабыл алынганын айткан.

Буга чейин БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссиариатынын Борбор Азиядагы өкүлү Фабио Пиана жана БУУнун Качкындар агенттигинин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүн жетектеген Ганс Дридрих Шоддер башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, Кадарияны экстрадициялоо чечими эл аралык конвенция менен жергиликтүү мыйзамды бузуп жатканын эскертишкен, аны жокко чыгарууга чакырышкан.

Украин жараны Кадария президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдогону, аны экстрадициялоого жол бербөөнү өтүнгөнү 1-мартта белгилүү болгон.