Сузак району жаңы төрөт үйлүү болгону турат. Болочок медициналык мекемесинин капсуласы бүгүн, 6-мартта Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан капсула салынды. 

Курулуштун башталуу аземине  Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Саламаттыкты сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин жергиликтүү жетекчилери жана аймактагы тургундар катышты.

Төрөт үйү 3 кабат болуп, заманбап жабдуулар жана эс алуу паркы менен камсыз болот. Аны үчүн жалпы 3 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Заман талабына жооп берген акыркы үлгүдөгү тийиштүү жабдууларды сатып алуу жана курулуш иштерин толук аягына чыгаруу үчүн 270 миллион сом бөлүнгөн. Белгилей кетчү нерсе, бул каражат мамлекеттик бюджеттин эсебинен эмес, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен табылган.

"Курулуш иштерин урматтуу президентибиз Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, толугу менен мен көзөмөлдөймүн. Аймактагы элдин муктаждыгын эске алуу менен курулуш иштери ушул жылдын декабрь айында жыйынтыкталат. Төрөт үйү үчүн керектүү болгон атайын тез жардам унааларын да камсыз кылабыз", - деди Камчыбек Ташиев.

Төрөт үйүнүн курулушу КРнын ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан ишке ашырылат. Имарат 75 орундуу болуп, аймактагы Барпы, Атабеков, Ырыс айыл өкмөттөрүнүн тургундары үчүн ыңгайлуу жерге курулууда.

Возможно, это изображение 1 человек, на открытом воздухе и текст «TZ <<эскизный проект"> родильный дом в селе чокмор с/у барпы сузакского района III m»