Талас райондук Жалпы медициналык практика борбордогу медицина кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча акы төлөнбөй жаткандыгы боюнча кылмыш иши тергелип бүттү. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, атайын кызматтын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча Талас райондук Жалпы медициналык практика борборунун   администрация жана бухгалтериясына карата тергелип жаткан кылмыш иши аяктады. 

Тергөөнүн жүрүшүндө 2020-жылдын январь айынан тарта Талас райондук Жалпы медициналык практика борборунун кызматкерлерине эмгекке катышуу коэффициенти (ЭКТ) түрүндөгү эмгек акысына кошумча акы төлөнбөй келгени аныкталган, себебин медициналык кызматкерлердин негизги эмгек акысына коэффициент кошулган деп билдиришкен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Талас районунун Жалпы медициналык практика борборунун жооптуу адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, административдик-башкаруучу персоналга жана бухгалтерияга негизсиз түрдө эмгек акы фондунун үнөмдөлгөн каражаттарынан эмгек акы өндүрүп жүрүшкөнү аныкталды. 

Жалпысынан 2020-2021-жылдар аралыгында аталган Жалпы медициналык практика борборунун административдик-башкаруучу персоналы жана бухгалтериясы тарабынан мамлекетке 2 миллион 181 миң 260 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. 

Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучулар тарабынан келтирилген зыяндын орду толук толтурулган.

Тергөө аяктаган соң кылмыш иши сотко жиберилет.