Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарынын тизмеси жарыялады. Тизме ушул жылдын 3-мартына карата алынган маалыматтардын негизинде түзүлгөн.

Ага ылайык, Бишкек шаарында – 7, Чүй облусунда – 33, Ош облусунда – 69, Ысык-көл облусунда – 8, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 7, Баткен облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 67 жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундары бар.

Документтерди кабыл алуунун мөөнөтү жана сынакты өткөрүү графиги жакынкы күндөрү белгилүү болот.

Өлкө боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарынын тизме менен бул жерден таанышууга болот.