Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугуна жумушчу сапарынын алкагында Лебединовка гидроэлектростанциясын реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча келишимге кол коюлду.

Макулдашууга Кыргыз Республикасынын финансы министри Алмаз Бакетаев жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Евразия, Жакынкы Чыгыш жана Африка боюнча энергетика боюнча директору Аида Ситдикова кол коюшту.

Макулдашууга ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан энергетикалык коопсуздукту жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын алкагында Лебединовка ГЭСин реабилитациялоого 13,8 млн евро (анын ичинен 5,0 млн евро - гранттык каражат) бөлүү каралган.

Долбоорду ишке ашыруу электр энергиясын өндүрүүнү жылына 53,5 ГВт саатка чейин, же 56%га көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Маалымат үчүн: Лебединовка ГЭСи «Чакан ГЭС» ачык акционердик коомунун курамына кирет, анын белгиленген кубаттуулугу - 7,6 МВт.

Энергетикалык объект 1943-жылдан 1948-жылга чейин эки этапта курулган жана өз пайдалануу мөөнөтүн аткарган эки гидроагрегаттан турат. Бул гидроагрегаттарды жана көмөкчү системаларды жаңы заманбап жабдууларга алмаштыруу менен ГЭСти реконструкциялоо жана модернизациялоо муктаждыгын жаратат. Гидроэлектростанциядагы гидрогенераторлордун эффективдүүлүгү кыйла төмөн, натыйжада алардын потенциалына салыштырмалуу иштеп чыгуунун көлөмү азыраак болот (мисалы, №2 гидрогенератор 1,8 МВт иштеп чыгат, бул белгиленген кубаттуулуктан 50% төмөн).

Лебединовка ГЭСи Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда жашаган 6 миңге жакын абоненттерди электр энергиясы менен камсыз кылат.