КР УКМКнын генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы институтунда “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын окутуу ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери” деген темада тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

Маалыматка караганда, тегерек стол КР УКМК институтунун 30 жылдыгына арналган жана  2-мартта болгон. 

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун, КР ИИМнин Академиясынын, ошондой эле өлкөнүн алдыңкы университеттеринин өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө билим берүү системасынын, анын ичинде өлкөдөгү жогорку билим берүүнүн абалы туралуу актуалдуу маселелер талкууланды. Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын билим берүү системасында заманбап IT-технологияларды, жасалма интеллектти колдонуу, окутуунун жаңы ыкмаларын киргизүү жана башка билим берүү тармагындагы жаңы тенденциялар жана багыттар белгиленди.

Соңунда тегерек столдун катышуучулары менен КР УКМКнын институтунун билим берүү тармагында кызматташуусу тууралуу макулдашуулар болду.