Казакстанда тепловоз менен кагышкан Бишкек-Самара багытындагы жүргүнчү ташыган поезд жолун андан ары улантты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме кылып кабарлашты.

5-март күнү эртең менен Казакстандын Актөбө облусунда Бишкек-Самара багытындагы жүргүнчү ташыган поезд менен тепловоз кагышкан. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн.

Маалыматка караганда, жүргүнчү ташыган поездде 200дөн ашык адам отурган. Алар Казакстандын, Кыргызстандын жана Орусиянын жарандары болгон.