КР Министрлер Кабинетинин алдындагы курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба Мамлекеттик архитектура агенттигинин жана «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин айрым кызмат адамдары тарабынан туруктуу коррупциялык схеманы уюштурулган. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, коррупциялык схема УКМКнын органдардын ишиндеги системалуу коррупцияны аныктоо жана жоюу боюнча жүргүзгөн иш-чараларынын алкагында аныкталды. 

Маалым болгондой, аталган  мекеменин бир катар жооптуу кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерин берүү боюнча оң чечим чыгарганы үчүн ири суммадагы параны үзгүлтүксүз алып келишкен.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, комплекстүү атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарынын райондорунун биринин башкы архитектору Д.Ш.С. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган Д.Ш.С.нын мыйзамсыз иш аракеттери тууралуу маалыматтар алынган.

Учурда ал КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жогорку кызматтагы адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралары көрүлүүдө.