8-мартта Бишкектеги Спорт ордосунун алдында гендердик зомбулук жана дискриминацияга каршы аялдардын тилектештик жүрүшү өтөт. Бул тууралуу "8/365" феминисттик кыймылы билдирди.

Кыймылдын маалыматына караганда, коомдук жайларда аялдарга асылган учурлар көбөйүүдө, милиция менен сот "аялдарга каршы кылмыштарга көз жумуп коюп", натыйжалуу иштебей жатат.

"Аялдар менен эркектердин ортосунда маянанын айырмачылыгы 30% түзөт. Бала бакчалардын жетишсиздигинен аялдар балдар менен үйдө отурууга аргасыз же аралыктан иштеп, түйшүгү эки эсеге көбөйүүдө. Гендердик теңчилик жөнүндө мыйзам иштебейт. Атүгүл мамлекеттик башкарууда министрлердин арасында эки гана аял бар. 7 облуста, 40 райондо, 32 кичи шаарда жана 453 айыл өкмөтүндө бир дагы жетекчи аял жок", - деп белгилешти жүрүштүн уюштуруучулары.

Феминисттик кыймылдын өкүлдөрү аялдарга зомбулук көрсөткөндөргө кылмыш жоопкерчилигин көрсөтүүнү, ар бир аймакта кризистик борборлорду ачууну жана сөз эркиндигине кысым жасоону токтотууну талап кылууда.