Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө 2023-жылы 19-майдан 24-майга чейин өтөрүн Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Анда айтылгандай, республика боюнча катталуучулардын санына жараша 120 тестирлөө борборлору түзүлөт.

Алдын ала маалымат боюнча, быйыл Кыргызстанда 69 миң окуучу орто мектепти аяктайт.