Кыргызстанда 2024-жылдын март айынан тарта маркировкасы жок дарыларды ташып келүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу  Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин директору Айнура Абалиева маалымат жыйынында билдирди.

"Эртең, 4-марттан тартып дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуучу көзөмөлдөө системасы ишке кирет.

Система үч этап менен киргизилүүдө: ушул март айында маркировкасы жок айрым дарылардын ташып келүүсүнө тыюу салынат. Үч айдан кийин дагы дарылардын саны көбөйүп, ноябрь айында 60-70 пайыз маркировкасы жок дарылардын ташып келүүсүнө тыюу салынат. Ал эми 2024-жылдын март айынан тарта толук тыюу киргизилет”, - деди ал.