Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев Дүйнөлүк банк жана Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун өкмөтү тарабынан уюштурулган Борбор Азиянын энергетика тармагындагы аймактык соода жана инвестиция боюнча форумунда баяндама жасады.  

Өз сөзүндө Айбек Жунушалиев Аймактык интеграция жана электр энергиясын сатуу боюнча долбоорунун алкагында Борбор Азия чөлкөмүнүн өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча Дүйнөлүк банктын аракеттерин белгиледи.

«Климаттык жана демографиялык өзгөрүүлөрдүн шартында региондо суу-энергетикалык ресурстар акырындык менен азаюусу байкалууда. Бул өзгөрүүлөрдүн кесепеттери көп кылымдык мөңгүлөрдүн эриши, ар кандай табигый кырсыктардын санынын көбөйүшү, жер көчкү, суу ташкындары, кургакчылык, суунун тартыштыгы жана суу ресурстарынын кыскарышы түрүндө байкалууда, бул социалдык-экономикалык өнүгүү жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн коркунучтарды жана тобокелдиктерди жаратат. Бул контекстте Кыргыз Республикасы энергетика тармагында реформаларды жүргүзүүгө, электр энергиясын сатууга ишенимди бекемдөөгө, башкарууну жана ачык-айкындуулукту күчөтүүгө даяр. Бул көйгөйлөрдү чечүү эл аралык каржы институттарынын, анын ичинде Дүйнөлүк банктын жардамы менен инвесторлорду тартууга жардам берет», - деп белгиледи ал.

Айбек Жунушалиев өз баяндамасында Дүйнөлүк банктын катышуусундагы CASA-1000 аймактык долбоору энергетика тармагындагы экспорттук потенциалды өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү жана Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүн байланыштыруучу звено экенин белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын көмүртексиз саясатынын негизги кыймылдаткычы энергиянын кайра жаралуучу булактары: гидроэнергетика, күн энергиясы, шамал энергиясы жана геотермалдык суу энергиясы саналат. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын потенциалы жылына шарттуу түрдө 840,2 млн тонна отунга бааланат. Учурда Министрлер Кабинети тарабынан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүүгө багытталган бир катар чаралар кабыл алынган. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттерине жеңилдиктер жана салыктык жеңилдиктер берилген. Министрлер Кабинетинин алдында Жашыл энергетика фонду түзүлгөн, ошондой эле 2023-жылы энергия өндүрүүчү ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн тарифтер жаатында чаралар көрүлөт», — деди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги.

Ошондой эле Айбек Жунушалиев форумда Кыргыз Республикасынын Президентинин тышкы карызды “жашыл” долбоорлорду ишке ашыруу үчүн алмашуу демилгесин жарыялады.

«Бул демилгени ишке ашыруу климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартууга гана эмес, ошондой эле заманбап энергетикалык кызматтарды көрсөтүү, бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү аркылуу калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууга салым кошот», - деп жыйынтыктады ал.