1-мартта жактоочунун жардамчысы Б.А.М. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, кармоо КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) менен козголгон сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында ишке ашкан.

Буга чейин УКМКнын дарегине А.Б.Э аттуу жаран Аламүдүн райондук сотунун Б.А.М. аттуу кызматкери соттун чечимин тездетүү үчүн опузалап акча талап кылгандыгына чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган. 

Кармалган адам, сот имаратында жүргөндө өзүн Аламүдүн сотунун кызматкери катары көрсөтүп, соттук териштирүүнүн мөөнөттөрүн тездетүү боюнча кызматтарды сунуштаган.

2023-жылдын 1-мартында, Аламүдүн сотунун имаратынын жанынан тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө пара катары акча алуу процессинде адвокаттын жардамчысы Б.А.М. кармалды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.