Сокулук районундагы сексуалдык зордуктоо боюнча ишке мыйзамдык баа берилген жок. Бул боюнча маселени Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева көтөрдү.

Эске салсак, Сокулук районунда 11 жаштагы бала жана 7 жаштагы кыз зордукталганы айтылган. Бирок укук коргоо кызматы анын аягына чыгарбай, тескерисинче жабырланган тарапка тосмо арыз жазууну сунушташкан.

Сурабалдиева ИИМге кайрылды.

“Сокулук районунун тергөөчүлөрүнө тергөө сырын сактоону үйрөтүңүздөр. Бул иште алдыга жылуу же жыйынтык жок, бирок коомчулукка бардык нерсе дайын болуп калды.

Башкы прокуратуранын прокурордук көзөмөлү кайда карап жатат? ИИМ, силер таасирлүү адамдардын балдары зордукталганда гана реакция кыласыңарбы? Эл ушундай суроо бере баштады. Баланын ата-энеси карыган адамдар, артында эч кимиси жок. Кылмыш жаза кодексине ылайык, арыз болбогон учурда дагы прокуратура сотко чейинки өндүрүш ишин башташы керек. Эмнеге иш жылбай жатат?” – деди Сурабалдиева.