Президент Садыр Жапаров жарыялаган жер амнистиясы дагы деле алдыга жылбай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков билдирди.

Айтымында, Ысык-Ата районунда трансформация маселесин жергиликтүү аткаминерлер жана прокуратура натыйжалуу чечпей жатышат.

 “Райондун тургундары “Садыр берген байталды, Чүйдүн прокурору кайта алды” деп ырдап жатышат. Милянфан айыл өкмөтүнө көрсөтмө берилген, бирок комиссия жылган жок”, - деди ал.

Ошондой эле, эл өкүлү Ысык-Ата районундагы айылдарында трансформация дагы деле аягына чыга электигин белгиледи.

“Президент баштаган жакшы ишти прокуратура аягына чыгарса жакшы болмок. Айылдарды учурда саботаж болуп жатат”, - деди Таштанбеков.