Бүгүн, 2-мартка карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 88 млн 570 миң сом жана 15 миң 250 рубль жана 65,67 доллар түшкөнүн Финансы министрлиги билдирди.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

Банк: “Айыл Банк” ААК
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768

Эсептин номери: № 1350102119900169 “Каржы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркияга жардам)”.

Төлөм коду: 14411100 - “Учурдагы жардам”.