Сузакта мектеп окуучусу балдар менен мушташтан кийин каза тапты. Бул тууралуу Жалал-Абад ИИБи билдирди.

Маалыматка караганда, окуя тууралуу билдирүү милицияга кечээ саат 16.30да, баланын агасынан келген.

 Каза тапкан баланын агасы Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин балдары инисин сабашканын айткан. Киши өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Такталгандай, 1-мартта, саат 13.00дө айылдык мектепте 10-класстын окуучулары, 17 жаштагы Д.М., Ю.Ж., 16 жаштагы С.А., А.О., 9-класстын окуучулары, 14 жаштагы Т.М., И.Б., жана 15 жаштагы Э.Э., К.М., Ж.Т. чогулушкан. 15 жаштагы балдарды катарга тизип алышып, түндө эмнеге көчөгө чыгышпай турганын сурашкан. Улуу класстагылар балдарды сабап башташкан, соккудан Т.М. жыгылып, башы менен дубалдын кырына тийген. Ошол жерден жан берген.

Учурда баланын өлүмүнө шектүүлөр кармалышты.