Кыргызстанда COVID-19дун кайсы штаммдары жүрүүдө? Бул суроого Республикалык штаб жооп берди. 

"Бизде кайсы штаммдар жүрүп жатканын билүү үчүн биз ПЧР-тесттердин оң жыйынтыктарын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун референс-лабораториясына жөнөтөбүз. Ал эми бүгүнкү күнгө карата республикабызда коронавирустун жаңы түрлөрү катталган жок. Алынган акыркы маалыматтарга ылайык бизде «омикрон» штаммы жүрүүдө", - деп айтылат коронавируска каршы Республикалык штабдын билдирүүсүндө.