Камчыбек Ташиев УКМКга жетекчи болуп келгени атайын кызматтын иши жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Бул бүгүнкү күндүн чындыгы. Кандай ишти колго албасын, анын майын чыгарып, чын дилден эл, өлкө үчүн кызмат кылуу табиятына бүткөн Камчыбек Ташиев атайын кызматтын ишине да жан киргизип, коррупция, кылмыштуулук, аткезчилик, паракорчулук, талап-тоноочулук, алдамчылык сыяктуу кылмыштар менен күрөшүү иштеринде алгылыктуу, сөз кыларлык натыйжаларга жетишүүдө. Мунун баары Камчыбек Ташиевдин батылдыгы, күчтүү эрки, чечкиндүүлүгүнүн  аркасында болуп жатканын белгилебей коюуга болбойт. 

Негизинен Чүй аймагы, Бишкек жана ири шаарлар менен чектелип калган УКМКнын ишин Камчыбек мырза район, айыл аймактарына чейин жеткирди. Ал үчүн УКМКнын райондордогу бөлүмдөрүнүн физикалык жана моралдык жактан эскирип калган имараттарын жаңылап, шарттарды түзүп, керектүү каражаттар менен камсыз кылып, кызматкерлерге милдеттерди белгилеп,  талаптарды күчөтүп атат. Андай аракеттердин натыйжасы болуп, УКМКнын аймактардагы бөлүмдөрү жарандардын арыз, кайрылууларына ыкчам, маалында реакция кылып, коррупциялык, аткезчилик, алдамчылык боюнча оор кылмыштырдын беттери четинен  ачылууда. Көптөгөн кылмыштык иш-аракеттерге жол берилбей, алдын алынууда. 

Азыр күн сайын УКМКнын кызматкерлери тарабынан ар кандай кылмыштарды жасаган жарандар кармалып жаткандарын окуп, билип жатабыз. Алардын баарын айтып олтурса узак сөз. Бул фактылардын баары УКМКнын райондордогу бөлүмдөрү өз иштерин жакшы аткарып жаткандарынан  кабар берет. 

Адатта «карга карганын көзүн чокубайт» деп коюшат. Бирок УКМК өз адамдарын да аябай, эч кимди ылгабай мыйзамды бузган, кылмышка баргандардын баарын кармап аткандыктары кубандырат. Буга чейин УКМКнын пара талап кылган кызматкери кармалса, кечээ УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан президенттин, УКМК жетекчисинин, Башкы прокурордун  атын сатып, мамлекеттик органдарга мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүп, 10 миң доллар пара алган  УКМКнын  мурдагы кызматкери кармалды. Бул УКМК өз ишин кылууда тандалма жолдон оолак болуп, мыйзам бузгандардын баарына каршы туруп атканына дагы бир жолу далил.  

Не дейбиз, УКМКнын бул багыттагы иштерине бали деп, ушул иштердин башында турган Камчыбек Ташиевге рахмат айтып, бул багыттагы аракеттерине  ийгиликтерди каалайбыз!