- Түркиядагы зилзаладан кийин Кыргызстандагы үй курган компанияларга жоопкерчиликти күчөтүү зарылбы?

- Жогорку Кеңештин депутаттары да, коомчулуктун бир бөлүгү да куруучу компанияларды күнөөлөп, аларды текшерүү керектигин, мыйзамды күчөтүү зарылдыгын айтышууда. Түркиядагы жер титирөө, апаатты колдонгон популисттер элдин эмоциясына жараша сөздөрдү айтып, жагынуу аракетин көрүп, бирок маселени чечүүнү көздөбөй турганы ачык. Бүгүнкү күндө аны ишке ашыруучу мыйзамдар да, көзөмөл органдары да бар, маселенин баары коррупцияда. Мыйзамдарды, талаптарды одоно бузуу менен үйлөрдү так ошол депутаттар, министрлер, күч органдарында иштеген же байланышы барлар салат. Депутаттар текшеребиз дейт, кесиптешин текшереби же дагы бир чоң кызматта иштеген эргулдун мыйзамсыз салынып жаткан  үйүн текшереби? Түркияда талкаланган аймактын ичинде бир да үй урабаган, бир да адам каза болбогон Эрзинь деген шаар бар. 44 жаштагы мэр куруучуларга мыйзамсыз курулушка жол бербегенин, принципиалдуу талаптарды катуу койгонун айтты. Бизде эмне болуп жатканын көпчүлүк билет, үн катпайт.