“Мыйзам Нуру Коррупцияга каршы коомдук жардам” коомдук бирикмесинин мүчөсү пара талап кылып, аны алып жатканда кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) туралуу козголгон кылмыш ишинин негизинде ыкчам иш чараларды жүргүзгөн. Жыйынтыгында, акча каражатын алып жаткан жеринен “Мыйзам Нуру Коррупцияга каршы коомдук жардам” коомдук бирикмесинин инспектору Т.Г.Б. кармалды.
Такталгандай, Т.Г.Б. Жалал-Абад облусундагы бала бакчалардын биринин директоруна каршы компроматы бардыгын айтып, аны укук коргоо органдарына өткөрүп берем деп коркутуп, акча талап кылган.
Кармалган адам КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери жүрүп жатат.