Батыштан каржыланып,  алардын айткан, дегендерин  аткарган айрым маалымат булактары  жалган, так эмес маалыматтарды элге таркатып, бир жактуу берүү менен  өздөрүнө ыңгайлуу жыйынтык   чыгарганды өнөкөткө  айландырып  алышты.  Ошол  эле  иликтөөчү журналист Болот Темиров,  Клооп  маалымат   булагы дайыма ошентишет. Маалыматтарды бурмалап, элдин аң-сезимин манипуляциялай берсек, эл, коомчулук  ишене беришет деп ойлошот. Эми алардын  жолун “Политклиника”  маалымат булагы жолдоп алган көрүнөт.

Президент С.Жапаровдун тушунда энергетика тармагы үчүн сырттан каражат, карыз алынбаган деген ЭлТР каналынын берүүсүнө анализ кылышып,  соңунда ЭлТР каналынын айткандары жалган деген жыйынтык чыгарган. 

Бирок ал иликтөөсүндө “Политклиника” бир тараптуулукка жол берип, ЭлТРде айтылгандарды жокко чыгарып, өздөрүнүн бүтүмдөрүн далилдеген бир да факты келтирген эмес. Дүйнөлүк Банк, Европа реконструкуиялоо банкынан энергетика тармагынын инфраструктурасын жакшыртууга каражат алына турганын айткан. Аларды алуу үчүн келишим Жогорку Кеңештен ратификациядан өткөнүнө да токтолгон.  Бирок баам салсак, бул жерде каражаттын берилгени тууралуу сөз жок. Ал каражат документтин ратификациясы толук бүткөндөн кийин келиши мүмкүн. Ага чейин энергетика тармагына насыя алынды деп айтканга болбойт. Көрүнүп тургандай, ЭлТР өз берүүсүндө ушул кезге чейин алына элек деп туура белгилеген. Ал эми “Политклиника” али алына элек акчаны Кыргызстан алгандай таризде берип, маалыматтык манипуляцияга барган. Башкача айтканда, жок нерсени бардай көрсөтүүгө, аны элге, коомчулукка чындыктай жеткирүүгө аракет көргөн. Ошол эле мезгилде “Политклиника” бул маселенин күнгөй-тескейине жетип, ачыгына жетүү үчүн энергетика, финансы министрлигине маалымат сурап кайрылган эмес. Эмне үчүн? 

“Политклиника” булагы дайыма фактыларга таянууну, чындыкты айтууну, ар тараптуулукту жактап келет. Өздөрүн фактылар менен иш алып барышкан агенттик катары позициялаганды жакшы көрүшөт. Бирок мында фактыларды өздөрүнө ыңгайлуу өңүттө бурмалап  берип жаткандарына кандай баа берүүгө болот? “Политклиника” заказ аткарды деп түшүнүшүбүз керекпи?