2022-жылы турак жай кооперативдерине байланыштуу алдамчылык фактылары боюнча жалпысынан 1 миң 524 кылмыш иши өндүрүшкө алынган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Анын ичинен 1 миң 284 кылмыш иши соттук кароого жиберилген. "Жалпысынан 1 миң 524 адам жабырлануучу болуп табылган, келтирилген материалдык зыян 901 млн 726 миң 29 сомду түзөт. Учурда 108 млн 855 миң 713 сом өндүрүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.
Бардык козголгон кылмыш иштери ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзам чегинде тергелип, сотко жиберилди, учурда калган кылмыш иштери боюнча тергөө улантылууда.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2022-жылдын 12 айына карата турак жай кооперативдери тарабынан алдамчылык фактылары менен жалпысынан 16 турак жай кооперативине арыз-даттануулар келип түшкөн. Алар: “Ак үй КЖ”, “Жилье Гарант” , “Элдик Групп”, “Ихсан Групп ЛТД”, “Береке ЛТД”, “Дарим хаус”, “Ордо-Мурас”, “М строй групп”, “С-Лайн”, “Биринчи турак-жай кооперативи”, “Ансар”, “Ипотека”, “МПК коператив”, “Нью миленниум”, “Эл биримдиги”.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы турак жай алуудагы ар түрдүү багытта алдамчылыктар бар экендигин эскертип, жарандарды сак болууга чакырды.
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!