Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 26-январда “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. 

Ал 1916-жылы каргашалуу окуялардын натыйжасында каза болгондордун эстелигине гүлчамбар койду.

Иш-чарада өзбек лидерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров коштоп жүрдү.