Коюу жабышкак касторка майы көп функционалдуу жашартуучу, сулуулукту калыбына келтирүүчү зат. Анын кандай касиеттери бардыгын билип алуу ашыкчалык кылбайт.
1. Бут үчүн жакшы дары. Касторка буттун кесилген, жарылган, өйкөлгөн жерлерине эң жакшы жардам берет. Андыктан жатаарда биринчи бутка ванна жасап, андан кийин тазалап кургатып, касторка майын же анын жарымына глицерин кошуп, көйгөйлүү жерлерге сүйкөп, таза пахтадан жасалган байпакты кийип жатуу керек.
2. Эгер колуңуздун тырмагы бат-бат сына турган болсо, анда күнүнө бир жолу касторка майын сүйкөп жүрсө, тырмак бекем болот. Ошондой эле колго да сүйкөп, пахтадан жасалган мээлейди кийип жатса, колдун терисин жумшартат.
3. Чыгып калган ээкти күндө касторка майы менен сүйкөп жүрүп жоготсо болот. Андан сырткары беттеги тактарды кетирүүгө мүмкүн, ал үчүн күн сайын жатаарда бетке сыйпоо керек.
4. Кашты жана кирпикти өстүрүү үчүн ширеңкенин учуна ватаны ороп, кашка жана кирпик менен теринин ортосуна күндө сүртүп жүрсө, бир айдан кийин өсүп калганын байкайсыз.
5. Кастор майынан чачты коюулантуу үчүн маска жасаса болот. Ал үчүн манжаларыңызга касторка майын куюп алып, чачтын түптөрүнө сүйкөп массаждаңыз. Андан кийин чачты целофан мешок, анын сыртынан сүлгү менен жылуу ороп 40 мүнөт кармап, андан соң шампунь менен жууп саласыз. Аны жумасына 2 жолу жасоого болот.
6. Кастор майын беттеги майда бырыштарды кетиргенге колдонсо да натыйжалуу болот. Ал үчүн касторка майын жылытып, бетке майды манжалардын учтары менен массаждап сүртүү керек. Массаждан кийин беттеги майды тазалоого шашылбаңыз, 2 сааттай кое туруңуз. Андан кийин гана кебез тампондор менен тазалап салса болот.
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!