- Азаттык аша чаптыбы же анын ишин сотто каратууга арагасыз кылгандар аша чаап кеттиби?

- Экөө тең аша чаап жатат, бирок "Азаттык" биринчи баштады. "Азаттык" бир топ эле жакшы, коомго пайдалуу нерселерди жасап келе жатат, бирок бул нерсе ар кайсы маселеде аша чаба берсе боло берет дегенди билдирбейт.

Бийлик бир топ эле өтө ачуу сындарды угуп келе жатат, бирок бул дагы ашыкча сындоого мүмкүн деген ойду жаратпашы керек.

Туура, "Азаттыктагы" жүзгө жетпеген журналисттердин аракети мамлекеттик прессада иштеген миңден ашык журналисттердин ишине тете. Бирок булардын кесипкөй ишмердүүлүгүндө олуттуу ката кетип калды. Ал кайсы ката экенин баары билишет. Кыргыз-тажик жаңжалында өз мекенинин кызыкчылыгын жогору коюулары керек эле.