Кыргызстанда Улуттук энергохолдинг жоюлат. Бул тууралуу парламенттин  Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин отурумунда энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Министрдин айтымында, энергетика тармагында эки мекеменин болушу кошумча чыгымдарды алып келет. Ушул себептен Улуттук энергохолдингди жоюу маселеси каралууда.

«Күз-кыш мезгилинен кийин жоюу маселеси каралып жатат. Энергетика министрлиги гана калат», — дедиТаалайбек Ибраев.