×

Внимание

Could not instantiate mail function.

Кыргызстан «таза» энергетиканы ишке киргизүү жаатында кызматташууга абдан кызыкдар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров «Кыргызстан - Өзбекстан» бизнес форумунда билдирди.

«Айлана-чөйрөнүн булганышы жана климаттын өзгөрүшүнө байланышкан глобалдык көйгөйлөрдү эске алуу менен биздин республика «таза» энергетиканы ишке киргизүү жаатында кызматташууга абдан кызыкдар. Биздин өлкө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жогорку потенциалына ээ, алардын негизги түрлөрү гидроэнергетика, күн энергиясы, шамал энергиясы жана геотермалдык суу энергиясы болуп саналат. Биз өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууга катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз. Бул биздин бүтүндөй аймак үчүн материалдык гана эмес, экологиялык дивиденддерди алып келе турган долбоорлор», - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле келечекте бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнүн өнүгүүсүнө кызмат кыла турган Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун биргелешип ишке ашыруу боюнча Өзбекстан жана Казакстан менен жетишилген макулдашууларды канагаттануу менен белгиледи.

Анын айтымында, эки мамлекет башчыларынын соода жүгүртүү көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү максатын ишке ашыруу үчүн ишкер чөйрөнүн демилгелерине максималдуу колдоо көрсөтүү жана биргелешкен ишкердүүлүктү жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарыл.

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить