Көптөн бери маалымат каражаттарында ИИМ министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов жубайы Динара Үсөнканова экөө түрк ишкерлерин алдап, чоң суммага сызга отургузуп кеткени тууралуу жазылып келет. Ишкерлер бул боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошуп, акыйкаттык орнотуп берүүсүн суранышкан. Биз ошол алданды делген түрк ишкерлеринин бири Хакан мырза менен маектешип, окуянын чоо-жайын уктук.

- Хакан мырза, Кыргызстанда акыркы кезде Курсан Асановдун аялы тууралуу ызы-чуу сөздөр болуп жатат. Ошону иликтөө үчүн Стамбулга келдик. Айтсаңыз, сиз бул ишке кандайча аралашып калдыңыз? Кыргызстанга эмне болуп, эмне максатта бардыңыз эле?

- Мен 2018-жылда жакын досум себеп болуп, Кыргызстанга баргам. Бул досум менен Синцзьян Үрүмчүдө беш жылдай соода ишинде чогуу иштегенбиз. Жакшы досум болот. Кыргызстанда кандай соода кылсак болот деп ойлоп, курулуш секторуна кирсекпи же эмне кылсак деп атканда досум: “Бир соода ишине кирдим, сен да кирип көр, жакшы”, - деди. “Кыргызстанда бир чиновник бар, генерал. Ошонун аялы менен иштесең эч кандай маселе чыкпайт”, - дегенинен ал досума ишенип, соода ишине кириштим. Биринчи жылда өз колум менен 8000 доллар жөнөттүм. Кайсы фирмадан кантип жөнөткөнүм боюнча бардык кагаздар досумда бар. Кийин соодабыз жакшы жүрүшүп кетсин деп дагы 700 миң доллар акча коштук. Ошентип бир жарым миллиондой акча коштук. 7-8 айдай ишибиз жакшы болду. Андан кийин мен парда сатып соода кыла баштадым. Аны ачкандан кийин 1-2 ай акча ала алган жокмун. Акчанын эсебин чыгара албай калдым. “Эмне болду?” – десем, “Соода болбой жатат, товар ал жакта калды, акча ала албадык”-  деген сыяктуу ар кандай шылтоолорду айта баштады. Ошондо мен сурадым, “Сен ким менен иш кылып атсаң айт, жолугайын”, - дедим. “Биздин Динара Үсөнканова деген эжебиз бар. Ошону менен иш кылып атам, ал сиз менен сүйлөшөт экен”, - деди. Макул деп офисине бардык. Отуруп сүйлөштүк. Ал бизге мынчасында акчаңарды кайтарам деп айтпады. Менин көңүлүмө туура келген жок. Анда расмий иш кылайын деп түрк элчилигине бардым. Элчиликке кирейин деп атсам Динара чалды мага. “Хакан бей келиңиз, кайра сүйлөшөлү”, - деп айтты. Макул деп кайра бардым. Отуруп сүйлөштүк, түрк котормочу балдар күбө. Ал өз колу менен “августтун бешинде акчаңызды төлөйм” деп расписка жазып берди. Кайра Түркияга кайтып келдим. Акча салган жок. Акча салбаган соң кара Кыргызстанга келдим. Келсем “Биз Түркияга барышыбыз керек, Испанияда Сантандер банкында Курсан Асановдун, анын эки чиновник досунун, менин  100 миллион евро акчабыз бар. Стамбулда бизди тосуп алсаңыз, коноктосоңуз акчабызды чыгарсак, сиздин акчаңыз аз эле, аны кайтарып беребиз, маселе жок”, - деп айтты мага. Мен кайра Түркияга кайттым. Ал кичинекей кызы менен кошо келди. Биз аны Стамбулдун Атакөй деген районундагы Хилтон отелине жайгаштырдык. Тамак-аш, жаткан жери ж.б. болуп ультралюкс стандартта коноктодук. Айдоочусу менен машина бердим. Бардык шарттарды түздүк.

Эки-үч күндөн кийин телефон чалды мага. Испаниядагы акчаларын кайтарып алуу үчүн кол алдында иштеген балдарды Испанияга жөнөтүш керектигин айтты. “300 миң евро керек, таба аласызбы?” - деп сурады. “Эгерде 300 миң еврону берсек Испаниядагы 100 млн еврону кайтарып алабыз”, - деп айтты. Мен макул дедим. Бирок ишенбедим. Англиядагы бир досуму Испаниядагы Сантандер банкына жөнөттүм. Ал киши ал жакка барабы же барбайбы, банкка барып жөн-жайын бил деп айттым. Ал жакта эч нерсе болбогонун билдим. Бул аялдын максаты бизден 300 миң еврону алыш болгон. Биздин берген акча жетпей ага дагы акча кошуп алууну максаттаган экен. Мен ага ишенбей акчаны кайра кайтарып алдым. Ошондон улам достугубуз бузулду. 2-3 айда мен анын бардык мандемин түшүндүм. Ооруса ооруканага, каерде жакшы тамак болсо ошол жакка алып барып аттык. Кол алдында иштеген балдарга акча берип койсок болобу дегенинен ар бирине 500 доллардан акча бердим. Динаранын бир күндүк мейманкана чыгымы 120 доллар. 3 ай жашады. Хилтондо психологиялык жактан кыйналдым дегенинен Стамбулдун жакшы районунан издеп жакшы үй ижарага алдык. Ал үйдүн спорттук комплекси, бассейни бар. Үйдү жууп-тазалагандар бар. Тамагы берилип турду. Бир айлык чыгымы 2800 долларды түзөт. Менден 300 миңди сураганда өзү паспортун берип, “акчаны сизге кайтарганга чейин сизде туруп турсун”, - деп айтты. 300 миң еврону берген жокмун. 2 күндөн кийин паспортун таштап качып кетти.

“Эже, эмнеге качып кеттиңиз? Сизге эмне жамандык кылдык, биз менен коштошпой кетипсиз”, - десем, “Мага душмандык кылбай паспортуму жибер”, - деди. “Сиз өзүңүз албай качып кеттиңиз, мага сиздин же паспорттун кереги жок, мага акчаны кайтарып берсеңиз болду”, - дедим. Паспортту тааныштарым аркылуу берип жибердим. “Рахмат, Хакан, эми Испаниядагы акчаны чыгарыш үчүн Дубайга барышым керек. Кудай буюрса, акчаңызды кайтарып берем”, - деп айтты мага.

“Эми бул иш Түркиядан бүтпөдү, Дубайдан бүтөт”, - деди. Жалган айтканын койбоду. Андан кийин мен, Мустафа Башкурт, Динара Дубайга виза алууга документтерди тапшырдык. Дубайга бараарда корона чыгып, иш токтоп калды. Корона бүткөндөн кийин акчаны кантип алсак деп кыргыз, түрк чиновниктерден сурай баштадык. Ошондо Курсан Асанов өзү мага чалып, “Хакан, сен биздин досубузсуң, душман эмеспиз, биз бир тууганбыз, соттук ишти баштатпагыла. Кыргызстанга келсеңиз отуруп сүйлөшөлү. Биринчисинде 150 миң доллар, калганын айына 50 миң доллардан берем”, - деп айтты мага. “Бул эркекче сөзүм”, - деди. Мен макул дедим. Эки досум менен барып ресторанда жолуктук, сүйлөштүк. Сотко жеткирбейли дедик. Ал айтты “Кудай буюрса, мен президент болуп калсам, баары жакшы болот”, - деди. “1,5 млн доллар бул эч нерсе эмес, байкеңерге жардам кылгыла”, - деди. Мен биринчи жолу жардам берейин, 150 миң доллардан баштап, айда 50 миң доллар менен акчамы төлөсөңүз эч проблема болбойт ортобузда деп, кол алышып, эркекче сөз бериштик. Кайра эле жок. Берген жок. Телефон чалсам “Динара эжеңер ооруп калды, 10 күндөн кийин”,- деди. Он күндөн кийин чалсам “Динара эжеңер 15-20 күн ичинде бардык карыздардан кутулат”, - деп сөз берди. Айтылган күндө кайтарышкан жок. Анан Кыргызстандын сотуна кайрылып, сотко бердик.

Кыргызстанда парда саткан дүкөнүм бар. Ага 300 миң доллар сарптадым. Дүкөндө беш кыргыз жигит иштейт. Жаап салайын десем балдар “Азыр иш жакшы жүрүп атат, жаппай туруңуз”, - деп суранышып, 3 жылдан бери өздөрү иштетип жатышат. Мен бара албай жүрөм. Анткени, берген акчабызды ала албай сот баштатканыбыз үчүн Динарага жаман көрүндү болдук.

Динара Стамбулга келгенде ооруп калды. Жакын досума айтып, өзү операция жасатты. Канча акча төлөдүк, баарынын эсеп квитанциялары бар. 4000 доллардын тегерегинде чыгым болду. Хилтон мейманканасанда канча күн жашады, кайсы ресторанда тамактанды - баарынын эсеби бар. Менин машинамды алып жүрдү.

Кыргызстанда төңкөрүш болгондо Динара менен телефондо сүйлөштүк. Ал: “Баары жакшы, байкеңер буюрса президент, эч кыжалат болбоңуз. Мындан кийин сонун күндөр башталат, акчаңызды берем, биз уттук”, - деп айтты.

- Эми Кыргызстандын расмий жетекчилигинен эмнени күтүп жатасыз?

- Биз Кыргызстан мамлекетинин саясатчылары, милиция кызматкерлери, прокурорго, сотко колдогу материалдын баарын бердик. Расмий жасала турган иштердин баарын аткардык. Бул маселени түрк элчиси, Түркия тышкы иштер министрлиги билет. Бардык жазышуулар, сүйлөшүүлөр бар колумда,  процесс боюнча кыргыз бийлигинин да, түрк бийлигинин да маалыматы бар. Адилеттүүлүк дегенде биринчиден, Кудайдын адилеттүүлүгү болот, экинчиден жер жүзүндө жашаган мамлекеттердин адилеттүүлүгү бар. Биз ошол адилеттүүлүккө ишенебиз. Кыргызстандын азыркы президенти жакшы адам экенин, өлкө үчүн пайдалуу адам деп билебиз. Ушул күнгө чейин Кыргызстан жөнүндө эч бир жаман сөз айткан жокпуз. Динаранын айынан баарын күнөөлөгөн туура эмес. Биз тескерисинче жакшы жактарын көрсөтүп, иштегенге болот деп инвесторлорго айтып келебиз.

Соттук иштен адилеттүү натыйжа алабыз деп ойлойбуз.

 

Маектешкен Нургазы Анаркулов