Жакында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын кол салуусу учурунда курман болгон кыргыз жоокерлер тууралуу китеп жазууга тапшырма берди. Бул боюнча Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун пикири: 

- Президентибиз Садыр Нургожоевич баатырларыбызды жерге берип жатканда айтпадыбы: "Булардын элеси элдин эсинен чыкпайт, кылымдардан кылымдарга өтөт, ар бир кыргыз атуулуна жеткирилет, биз муну сөзсүз жасайбыз", - деп. 

Ошондуктан, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев китеп чыгаруу боюнча өткөргөн жыйынын коомчулук күтүп отурган, толугу менен колдоого алышты. Жакында арада Камчыбек Кыдыршаевич менен жолугам, бул китепти кайсы жагдайда чыгарыш керек, мектеп окуучуларына Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталган деген макам менен чыгарсак деген ой бар. Тийиштүү кызматтар менен сүйлөштүм. Башкысы китеп чыгып калса экен, коомчулук да күтүп жатат. Аны аңгеме, повет, роман, илимий изилдөөлөр түрүндө чыгарып, мектеп окуучуларынын тилине ылайыкталып жазылып, коом таануу, кыргыз адабияты, тарых сабактарында айтылып турушу керек. 

Энелер чолпондой балдарынан ажырап отурушат, алар балдарын өлүп калсын деп төрөгөн эмес, бактысын көрөйүн, үй-бүлөсүн көрөйүн деп төрөгөн. Курман болгон бир жоокердин атасы келип айтты: "Баламды үйлөндүрөйүн деп жатканда колумдан жулдуруп жибербедимби. Мекен чегинде каза болбодубу..." - деп. Камчыбек Ташиев айтып жатат, жоокерлер артка чегинбей коюшкан. Командирлер "бул жерди калтыргыла, артка чегингиле", - деп буйрук беришсе дагы, "жок, жерибизди калтырбайбыз", - деп бир кадам артка жылбай, турган жерлеринде жан беришиптир. Соцтармактардан видеолордон деле көрүп жатпадыкпы, танк айдап баратышкандарын, ок жаап атса "Биз мекен чегиндебиз!" - деп муштумун түйүп айтып жатышат. Бир командир жоокерлер курчоодо калганда, алардын чыгып кетүүсүнө шарт түзүп берип, өзү өлүп кете берди...

Акыркы 2-3 жылдан бери президент тарабынан армияны чыңдоого бир топ иштер аткарылды. 60 миллиард сомго жакын каражат бөлүндү. Азыркы учурда жоокерлерибиздин кийими бүтүн, курсагы ток, акыркы үлгүдөгү курал-жарактар менен куралданышкан. Буга чейин коопсуздукка мынчалык суммадагы акча бөлүнгөн эмес. Армиябыздын бекемделип калганын Баткендеги акыркы окуя далилдеди. Президентибиз бийликке жаңы келгенде жаны ачып айтпады беле: "Армиябыз итке минип калган экен, 8 танканын бирөөсү гана от алды", - деп. Кырдаалыбызды ошондой деңгээлге жеткирип салган болчубуз да. Азыр эми колго алынды, ар кайсы аймактарда коопсуздук кызматынын имараттары курулуп жатат. Чек арачыларга, чек арада чогуу аракеттенген күч структураларынын аскерлерине үй салынды, шарт түзүлүп жатат. Офицерлердин айлыгы 2-3 эсеге көтөрүлдү. Буга чейин андай болгон эмес. Мындай кылуу күжүрмөн жетекчилер керек болчу!