Кечээ, 29-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлшаркан Култаеванын жетекчилиги алдында Айым депутаттардын форумунун жыйыны өтүп, ар кыл тармактагы жана кесиптеги бир катар аялдар аталган форумдун Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Салтанаттуу иш-чарага депутаттар Чолпон Султанбекова, Гүлкан Молдобекова, Лейла Лурова жана Нилуфар Алимжанова катышты.
Гүлшаркан Култаева белгилегендей, Айым депутаттардын форуму аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, бир катар аялдарды бул Форумдун Ардак грамотасы менен сыйлоо чечимине келди. «Бүгүнкү күндө аялдар ар кандай ишмердүүлүк чөйрөлөрүндө жигердүү эмгектенип, кесипкөйлүгү менен өзгөчөлүнүшөт. Өткөн жылы аймактарда активдүү иш жүргүзүп, жакшы жетишкендиктерге жетише алдык. Келерки жаңы 2023-жылы ар бириңиздердин ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм», - деди Айым депутаттардын форумунун төрайымы Гүлшаркан Култаева.
Ал эми депутаттар Чолпон Султанбекова, Гүлкан Молдобекова, Лейла Лурова жана Нилуфар Алимжанова чакырылган конокторду куттуктап, аялдар коомубуздун кыймылдаткыч күчү жана руху экенин белгилешти. Эл өкүлдөрү жаңы 2023-жылы ар бир үйдө тынчтык жана бакубатчылык өкүм сүрүшүн каалашты.
Форумдун Ардак грамоталары менен Жыргал Бекмурзаева, Инаят Жееналиева, Махабат Жаанбаева, Гүлнура Мамбетисаева, Чолпонай Райымбекова, Сабида Садыкова, Чынара Табылдиева, Жаңылсынзат Тентиева, Кызылгүл Черикчиева, Жамиля Чынгышева, Медерина Шарапова сыйланышты.