Экс-президент Бакиевге таандык үйдүн ордуна балдардын реабилитациялык борбору курулду. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев соцтармактагы баракчасына жазды.
"Урматтуу достор, эсиңерде болсо Жибек-Жолунда жайгашкан мурдагы президент К.Бакиевге таандык имаратты жай айында бузуп, ордуна ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор курууну баштаганбыз. Ошондо “булар басып алды, ээлеп алды, эми өзүнө үй салат экен” деген ушактарды таратышты эле. Биз натыйжаны иш жүзүндө көрсөтөбүз, мына буюрса имарат бүтүп калды, жакында ачылышы болот. Жүз орундуу, заман талабына ылайык шарттары менен колдонууга берилет.
Президентибиз Садыр Нургожоевич жыл аягына чейин бүтүрүү тапшырмасын койгон, өз убагында аткардык", - деп жазды Туманбаев.