Маркум ырчы Бекжан Темирхандын ата-энесин үйлүү кылуу максатында ачылган эсепке 1 миллион 76 миң сом түшкөнүн ырчы Сыймык Бейшекеев билдирди.
Эске салсак, автокырсыктан каза тапкан ырчынын аткарылган калган максатын аткарып, ата-энесине шаардан үй алып берүү демилгесин Сыймык Бейшекеев көтөргөн. ЖК депутаты Шаирбек Ташиев 5 миң, Гүлшаркан Култаева 2 миң доллар которгону айтылган.
11-декабрда Спорт ордосунда Бекжан Темирханды эскерүү концерти болот.