Нарын шаарында аз камсыз болгон жана майыптыгы бар жарандарга 130 тонна көмүр таратылып жатканын шаардык мэриядан билдиришти.
Анда айтылгандай, көмүр КРнын президентинин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешовдун көрсөтмөсүнө ылайык алып келинген. Ал Нарын шаарындагы аз камсыз үй- бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана үйүнөн тейленген жалгыз бой карыларга социалдык өнүгүү, эмгек жана миграция башкармалыгынын көзөмөлү астында таратылып жатат.
Ошондой эле, Нарын шаарындагы жардамга муктаж 400 үй бүлөгө жергиликтүү бюджеттен 1000 сомдон берилди.