Бишкекте 25-26-ноябрда өткөн биринчи Элдик Курултайда резолюция кабыл алынган. Ал толукталып, андан кийин жарыяланаарын  Элдик курултайдын төрагасы Кадырали Кошалиев билдирди.

Ал кандай гана жыйын болбосун алдын ала жыйынтык документтин өзөгү редакциялык топ тарабынан даярдаларын белгиледи.

“Жыйын учурунда өтө маанилүү ойлор айтылса, анда документ толукталат. Тажрыйба ошондой. Курултайдын жүрүшүндө кандай гана сунуштар айтылды. Алсак, улуттук баалуулуктар, билим берүү, тил, саясий-экономикалык жана чек ара маселеси көтөрүлдү. Андыктан сунуштар эске алынып, редакциялык топ азыркы күнгө чейин иштеп жатат. Буйруса, бүгүн-эртең резолюция толукталып, жалпы коомчулукка жарыяланат”, - деди Кошалиев.