- Каныбек агай, президент Курултайды Жарлыгы менен чакырууга аргасыз болбодубу, бул туура элеби?             

- Жаңы Конституцияга ылайык Элдик Курултай - коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын катары бекитилди, б.а. ал конституциялык орган болуп калды. Бул жерде "Элдик Курултай кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомубуздун багыттары боюнча сунуштамаларды берет!" - деп так эле жазылып турат. Тилекке каршы, кээ бир активдүүлүгү өз акылдарынан ашып түшкөн "ишмерлер" бул институтту бийликтин бардык бутактарын башкаруучу жана текшерүүчү органга айлантып алууну көздөп "ак эткенден так этип" келишет. Кептин баары ушунда. Ошондуктан, алгачкы ирет, албетте, конституциялык мыйзамды Жогорку Кенештен өткөрүп алып, анан ишти баштоо керек эле. Аттиң андай болбоду! Бул жолу депутаттар өз көлөкөлөрүнөн коркуп кетишип, мыйзамды ала салдырып жиберишти. Чала-була эптей салган мыйзамды көтөрүп баргандар бозала болушуп"кайра артка жөнөштү. Саясий кризис орун алып, ыңгайсыз абал түзүлдү. Муну байкаган президент жоопкерчиликти өзүнө алды дагы Жарлык менен 1-Курултайды 25-ноябрга белгиледи. Аны уюштура турган топту түздү. Эми дал ушул жерде сиз айткандай "ийри отуруп түз чече" турган учур келди! Кандай уюштурулат? Калың элдин мүдөөсүн канааттандыра турган делегаттар келеби? Мындан Курултайдын кийинки тагдыры көз каранды болот! Байкоо жүргүзүп, анализдеп туралычы. Мисалы мен өзүм тек гана "Элим, жерим деген патриоттук күчтөр үстөмдүк кылса экен!" - деген  тилек менен жашап келем.