25-26-ноябрда Бишкек шаарында өткөн биринчи Элдик Курултайдын делегаты Каныбек Каниетов сунушун жолдоду.
-Турдакун Усубалиев жакшы иштеген, мыкты кадрлардын сап башында турган адам болгон. Жакшы иштеген. Кыргызстанды 25 жыл башкарган. Өкүнүчтүүсү, анын ысымы берилген көчө дагы, ал колдонгон буюмдарды аздектеп сактаган, эмгектери коюлган бир да музей жок. Мен Турдакун Усубалиев атабызга арнап бир музей ачууну жана Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн бирине анын ысымын берүүнү сунуштайм. Ушул маселени президент да, башкалар да эске алат деп Кочкордон делегат болуп келдим.