Абал ушундай. Интернет айдыңындагы социалдык тармактардын өнүгүүсү менен жасалма пиар жасоо, «хайп кармоо» деген балакеттер да болуп көрбөгөндөй өнүгүүдө. Ал эми капчыгы калың саясатчылар жалданма пиарчы, жазмакерлерди жалдашып, алардын айткан, дегендери аркылуу «мыкты, кыйын, укмуш, баатыр» болуп чыга келишти. Эгерде буйга дейре шоу-бизнес өкүлдөрү хайп кармашып, элдин көңүлүн өзүнө бурдургулары келишсе, бул «оору» эми кээ бир саясатчыларга да жукту.

Дегенибиз, ЖК депутаттары Чыңгыз Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиев жосунсуз «жорукту» баштап алышып, андан кантип чыгууну билбей атышкандай. Мурдараакта «Ч.Айдарбеков менен Э.Жамгырчиевди УКМК кармап кетиптир, сыртка чыгарбай коюшуптур» дегендей маалымат тараган. Анан алардын дайыны жок болуп кеткен. Кемпир-Абад маселесинен кийин экөөсүн «баатырга» теңеп алышкандар кокуйлап айгай салышып, алардын жоголгонуна УКМКны күнөөлөп чыкты. Бирок УКМК алардын дайынсыз кеткенине эч кандай байланышы жок экендигин расмий билдирди.

Көрсө, депутат Ч.Айдарбеков үйүндө жатып алып эле телефонун өчүрүп, пиар кылып, өзүнө көңүлдү бурдуруп койгусу келген экен. Өзү канчалык актанбасын, анын максаты белгилүү эле болуп калды. Ал эми кесиптеши Э.Жамгырчиевдун дагы деле кабары жок болууда. Сыягы, хайп кармагысы келип, атайын жоголгон Эмил мырза кырдаалдан кантип чыгууну билбей аткан окшойт. Ошондуктан, ал Жанар Акаев досун жардамга чакырса, ал дагы таппай турганбы, дароо эле Эмилдин үйүнөн, унаасынан үн жаздыргыч каражаттар табылганын жар салды! Жанардан "бул маалыматты кайдан алдың"- деп сураса, "тигил айтты" дейт. Одна бабка сказала, кыскасы. Жанардын атайылап жалган маалымат таркатып жатканы эми бүгүн расмий кабарланды.

Ошондо бир окуянын артынан төрт жалганчы ашкереленди. Алар: Эльвира Сурабалдиева, Чыңгыз Айдарбеков, Жанар Акаев жана Эмил Жамгырчиев. Кийинки шайлоодо кимге добуш беребиз, эске алып коёлу.

"Уурдалып, жоголуп кеткен" Чыңгыз Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиевдин «кылыктары» көпчүлүк үчүн күлкүлүү болгону менен аларды мактап, жактагандар үчүн алар «баатырлар». Же ошого жараша экөөсүнүн репутациясы кристаллдай таза, арттарында калбырлары жоктор болсочу. Бирөөсү ТИМ системасынан кылмыштуу аракеттери, дипломатиялык макамын мыйзамсыз баюу үчүн пайдаланганы үчүн куулуп, анысы үчүн фамилиясын алмаштырган болсо, экинчиси, коррупция менен кармалып, камалып, мамлекетке миллиондогон сомду кайтарып, эркиндикке чыккан. Анан ушундайларды айга, күнгө теңеп, «баатырларга» айланткан пиарчылар аман эле болушсун!

Нургазы Анаркулов, журналист