Абактагы Руслан Бекназаров үй камагына чыкты. Бишкектеги Биринчи май райондук соту аны 12-декабрга чейин үй камагында кармоо тууралуу чечим чыгарды.
Эске салсак, Руслан Бекназаров 14-сентябрда кармалган. Ал ушул жылдын 15-июнунан тартып Свердлов районунун акими болуп иштеп жаткан.
ИИМ Бекназаровго Фейсбук социалдык тармагында Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясын жайылткан деген жүйөө менен кылмыш иши козголгонун билдирген.
Биринчи май райондук соту 10-октябрда 12-декабрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган болчу.