Кыргызстанда акыркы жылдары эл аралык, бейөкмөт уюмдардын бийликке акыл айткан учурлары күч алды. Атүгүл талап кылышып, ички иштерге кийлигишкенге өтүштү. "Азаттык" медиасынын сайты эки айга жабылгандан бери мындай көрүнүштөр орун алууда. Аз күн мурда Human Rights Watch Эл аралык укук коргоо уюму ЖМКларга цензура күчөп, сөз эркиндигин чектөө болуп жатканын айтып, сайттын ишин жандандырууну талап кылган болсо, эми "Сорос-Кыргызстан" фонду ушундай эле билдирүү менен чыгып, талап кылган маанайда билдирүү жасады. Уюм «Азаттыктын» журналисттеринин ооздорун жабуу аракеттерине каршы күрөшөрүн билдирди.  Бул эми ачык айтканда, Кыргызстандын ички коомдук, саясий ишине кийлигишүү. Мамлекеттик органдардын чечимдерине басым кылуу, "мурдуларын тыгуу" болуп эсептелет. 

Аталган уюмдар айтып, билдирип жатышкандай, Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым кылган, чектеген эч ким жок. "Азаттык" өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалынын көрсөткүчү эместигин уюмдагылар эстерине бекем түйүп коюшса. Ондогон эркин медиалар эч кандай кысым, чектөө жок эле мыйзам чегинде, элдин, өлкөнүн алдындагы өз жоопкерчиликтерин сезишип, ички, сырткы коопсуздукка шек келтирбей  каалаганын айтып, жазышып, иштерин  жүргүзүп жатышат. "Азаттыктын" сайтынын иши убактылуу токтотулганы мыйзам чегинде ишке ашырылды. Сөз эркиндигин жамынып алып, деструктивдүү, провакациялык маанайдагы ишмердиги үчүн жоопкерчиликке, мыйзамдуулукка чакыруу үчүн токтотулду. Аны "Азаттык" сайтындагылар жакшы билишет. Бирок болбой эле бет тырмарлык, бетпактык кылып жатышкандарына жол болсун! 

Бир нерсе болсо эле сөз эркиндигин, демократиялык баалуулуктарды бетке кармаган "Азаттыктын" кожоюндары акыл үйрөтүп, ультиматумдук талаптарды коердон мурда өздөрүнүн ишмердигине саресеп салып, башка өлкөнүн жазылган жана жазылбаган мыйзамдарын сыйлаганды, эл, мамлекет алдындагы жоопкерчиликти сезгенди үйрөнүшсө ашыкча болбойт эле.

Автандил Белеков