Кыргыз Республикасынын УКМК укук коргоо органдарындагы коррупцияга бөгөт коюу боюнча иш чараларды жүргүзүүнү улантууда. Анын алкагында 31-октябрдан 1-ноябрга караган түнүОш облусунун ИИБнын Кара-Кулжа РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн А.у.А. жана А.Ж.А аттуу кызматкерлери кармалышты. Алар жарандан ага карата ачылган кылмыш ишти оң жака чечип берем деп 120 000 сом талап кылган. Аталган сумманын 50 миң сомун алып жатканда колго түшүшкөн.

Азыркы учурда, кармалгандар КР УКМК Ош шаардык жана Ош областтык башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.