Дүйнөлүк Банк алдыдагы 5 жылда Кыргызстанга 600 млн. доллар бере турганын билишкен батышчылдар, алардын жактоочу, тарапташтары «Батыштан мамлекет каражат алса болот, НПОлор алса болбойбу? Акча алганда Батыш жакшы, албаган кезде жаман, бузукулар болуп калабы?» деп мыскылдап жазгандар болду. Чын чынына келгенде бул орунсуз, олдоксон салыштыруу.
Мамлекет эл аралык каржы донорлорунан акча алса, аны негизинен насыя түрүндө алат. Ал ачык болот, максаттуу түрдө жумшалат, ал элдин баарына айтылат. Мында алынган акчаны кайтаруу боюнча мамлекеттин жоопкерчилиги болот. Алынган каражаттар социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга, ири долбоорлорду ишке ашырууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө, өлкөнүн бюджетин колдоого, элдин алдындагы социалдык милдеттенмелерди аткарууга ж.б. элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн жумшалат.
Ал эми бейөкмөтчүлөрдүн сырттан алган каражаттарынын булактары белгисиз. Канча, кандай максатта алып жаткандарын өздөрүнөн башка эч ким билбейт. Каржы булактарын ачыктоо, каражаттардын каякка, кантип жумшалып жатканын текшерүү маселеси көтөрүлсө, НПОчулар чок тийгендей чочушуп, айгай салып киришет. Анын да себеби бар. Анткени, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгына каршы багытталган иштерге, максаттарга жумшалат. Адам укугу, сөз эркиндиги, демократия деген нерселерге жамынып алып, өлкөнүн ички саясий иштерине кийлигишкен долбоорлорду ишке ашырып келишери жашыруун деле болбой калды. Болбосо, каражатты ачыктап, отчет берүүдөн, текшерүүдөн эмнеге безге сайгандай чочулашат? Жашырган жагдайлары жетишерлик болуп атпайбы.
Ошондуктан «мамлекет Батыштагы донорлордон акча алып жатканда, бейөкмөтчүлөрдүн да алгандары туура. НПОчулардын иштерине мамлекет кийлигишпеши керек» деген пикирлер логикага, акылга сыйбайт. Мамлекеттин ички, сырткы коопсуздугу дайыма көңүл борборунда болуп, ага шек келтиргендерге мыйзамдык чаралар көрүлүшү зарыл.