Журналист Семетей Талас уулу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына 48 саатка камакка алынды.

Адвокаты Аскат Жакупбековдун айтымына караганда, журналистке Кылмыш кодексинин 332-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") менен айыбы угузулуп, камакка алынды. Анын баш коргоо чарасы 2-ноябрда каралат.

Ички иштер министрлиги журналисттин кармалышы тууралуу азырынча комментарий бере элек.