Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 20-октябрдагы жыйынында депутат Балбак Түлөбаев парламенттеши Чыңгыз Айдарбековго сын айтты.
Эске салсак, беш фракция Айдарбековду эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция комитетинин башчылыгынан алуу боюнча чечим кабыл алышты.
Балбак Түлөбаев Айдарбековго комитеттин башчылыгынан өз каалоосу менен кетүүнү сунуштады. Ал буга жүйө катары - комитет башчы катары Кемпир-Абад боюнча документтер жок деп комитеттин жыйынын өткөрбөй койгонун келтирди.
"Андан кийин сиз регламент боюнча иштебей жатабыз дейсиз. Бирок ошол реграментте комитет башчысы документке кол коюш керек деп турат. Ал күнү мен дагы катышкам. Алгач парламенттик угуу жарыяланды. Андан кийин сиз бул комитет жыйыны деп айттыңыз. Эгер документтер болбосо, анда неге маселени күн тартибине киргиздиңиз? Баш тартып, комитетти жаап койсоңуз болот эле го. Биз комитеттеги эреже бузууңуз үчүн добуш берип жатабыз. Комитеттин чечими кабыл алынча, анда сиз сөзсүз түрдө кол коюшуңуз керек. Сиз макул же каршы деп добуш бере аласыз, бирок башка депутаттардын чечимин колдошуңуз керек", - деди Балбак Түлөбаев.
Ошондой эле, ал Айдарбеков депутаттарды ызы-чуу кылбай эле акырын кетип калса болот деп эсептейт.
"Мен сизди сыйлайм, бирок сиздин кылганыңыз саясий ката болду. Өз каалооңуз менен эле кетип калсаңыз болмок, депутаттардын тынчын албай эле. Мен бул кылыгыңызды Жогорку Кеңешти саботаж кылуу деп эсептейм", - деди депутат.