Дүйнөдө бардык өлкөлөр, ал турмак экономикасы начар өлкөлөр дагы согушка камдангандай туюм жаралууда. Мындай пикирин аскер эксперти Мурат Бейшенов "Астана саммитинин жыйынтыгы. Кыргызстандын интеграциялык процесстердеги ролу" аттуу тегерек столдо билдирди. 

Айтымында, дүйнөдө саясат ачык, а коопсуздук туруксуз болуп калды. 

"Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы ири куралдуу жаңжал буга мисал. Кыргыз-тажик чек арасындагы 300 километр талаштуу аймак боюнча бир келишимге келүү кыйын. Мында ортомчу керек. Эмнеге ортомчу өлкө катары Казакстан менен Өзбекстанды тандоого болбойт? Россиянын өзүндө кырдаал тынч эмес.

Чек ара маселесин экономикалык жана дипломатиялык жол менен чечүү керек. Согуш кыргыз экономикасына да, тажик экономикасына да пайда алып келбейт", - деди эксперт.