Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев учурда Ташкент шаарына иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу Акылбек Жапаров парламент жыйынында билдирди. 

Айтымында, кыргыз-тажик чек арасын өз убагында делимитацияланганда, Тажикстандын кол салуусунун алдын алган болоор эле. 

"Бүгүн Ташкентте чек ара боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат. Камчыбек Ташиев ошол жакта. Ошондой эле, Борбордук Азиянын атайын кызмат башчыларынын жолугушуусу өтүүдө. Ал жерде чек аралар боюнча маселелер талкууланат", - деди Жапаров. 

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоодогу келишим боюнча Кемпир-Абад суу сактагычындагы суу ресурсун эки өлкө бирдей көзөмөлдөйт. Кыргызстан жалпысынан 19 гектар жерге ээ болот.