Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келе жаткан кыш оор мезгилдерден болоорун айтты. Ал бул тууралуу депутат Тазабек Икрамовдун "Жазында Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баанын өсүшүнөн улам кризис болбойбу?" - деген суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Жапаровдун айтымында, биздин өлкө импорттон көз каранды, азык-түлүктөн баштап күйүүчү-майлоочу майдын 70 пайызы башка жактан алынып келинет.
"Бул жылы кыш катаал болот. Европада 1 миң кубометр газ 5 миң долларга жетти, көмүр да кымбаттады. Польшада бир тонна көмүр 500 евро турат. Биз көмүргө болгон баа кымбаттабайт дей албайбыз. Бирок күйүүчү-майлоочу майга баанын арзандашын күтүп жатабыз, анткени, Россияда санкция 1-декабрдан катаалдашат. Анын айынан Россиядан күйүүчү-майлоочу май сатып алган өлкөлөрдүн катары азаят, буга байланыштуу нарк төмөндөйт деп үмүт кылуудабыз. Биз алардан 1 миллион 200 миң тонна сатып алабыз. Эгер күйүүчү май арзандаса, башка товарларга да баа арзандайт", - деди Акылбек Жапаров.
Ошондой эле ал жарандарды көмүр, отун камдап алууга чакырды.
"Биз камданышыбыз керек. Кыйынчылык болот. Европада кырдаал кайсы жагына өзгөрөөрүн эч ким билбейт. Алар тактикалык курал колдонуу мүмкүнчүлүгүн да айтып жатышат. Эгер ошондой болсо качкындар көбөйөт. Биз азыр келген конокторго кубанычтабыз, бирок конфликт башталса, чек араны жапканга туура келет", - деди Министрлер Кабинетинин төрагасы.
Айтымында, мамлекеттин аз камсыз болгон жарандарды үч ай камсыздоого мүмкүнчүлүгү жетет. Бирок андан кийин да жашаш керек.