Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) 400 миң тонна казакстандык көмүрдү жеткирүү боюнча “КарТрансКөмүр” компаниясы менен келишимге кол коюлду. Бул тууралуу “Электр тармактары” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, көмүрдүн биринчи партиясы октябрда келип, жеткирүү графиги 2023-жылдын жазына чейин уланат.
Буга чейин “Электр станциялары” ААКнын башкы директору Айбек Айдаралиев Бишкек жылуулук электр борборуна алына турган 400 миң тонна импорттук көмүр тендерсиз алынарын билдирген.