Эгер эле биз билген саясатчылардын ичинен үч жалганчы бар десе, ошол үчөөнүн бири Азимбек Бекназаров болуп чыгат. Эки жалганчы бар болсо, бири Атамбаев, экинчиси Бекназаров деп биле бергиле. Эгер эле жалгыз жалганчы бар дешсе, ал да дал ушул Бекназаров. Өзү деле мойнүна алып айтканы бар: "Сөөгүм агарып кеткенче жалган сүйлөйм", - деп. Эми бул эки жүздүү жалганчы "бульдезордун" айтып жаткан сөзүн карагыла: "Камчы, сен Өзбекстандын баатыры болосуң", - дейт.
Атамбаевдин маалында Өзбекстан менен болгон бардык чек арабызда күн аралатып жаңжал чыгып, кээде адамдардын өлүмү менен коштолуп жатпады беле. Малдарыбызды жалпы айдап, а түгүл адамдарыбызды барымтага салып кеткен күндөр баштан өттү эле го. Унгар - Тоону Өзбекстанга алдырып, Атамбаев бир ооз сүйлөй албай, Каримовдун качан өлөрүн күтүп жатпады беле.
Ошонун баары тынчыды. Көз тийбесин, Өзбекстан менен мамилелер оңолуп, эч жерде, эч кандай жаңжал чыкпай калды го. Биз үчүн өтө чоң мааниге ээ болгон Унгар -Тоосу бизге өткөнү эле Ташиевдин чоң эмгеги болот.
Бекназаров менен Мадумаров 30 жылдан ашык саясатта жүрүп, кызматтарда иштеп, эмне керемет көрсөтүштү? Ким билет? Билсеңер санап өткүлөчү.
Бекназаров үчүн алты бала өлүп, ондогон аксылыктар жарадар болуп калышкан. Бекназаров 2010-жылкы тополоңдо Нарындан бир сумка толо акчаны уурдап качканын билген эже али тирүү, Кудайга шүгүр.
"Мадумаров жерди саткан" деп какылдап ырдап жүргөн Бекназаров, бүгүн элчилик кызматтан бошогондон кийин Мадумаровду "баатыр" кылып ээрчип жүрөт.
Баатыр деген сөздүн маанисин Мадумаров экөө түшүнөт болду бекен?
Мадумаровдун ойлонбой койгон бир жолку колунан эки жолу согуш болуп, канчалаган бейкүнөө адамдар өлүп кетишти. Мадумаровго ошол деле өмүрүнүн аягына чейин жетет эле, эгер анда кыпындай адамдык сапат болсо. Бул эки адам сөрөйлөрдө да уят жок экен. Кудай өзү жазаларын берсин. Ал эми Ташиевди БААТЫР деп калың эл шайлаган. 40 жылга жакын саясатта жүргөн Бекназаров ким болду, Ташиевдин жанында?
Шамурза Борукулов, журналист